Жерге-Тал кыргыздарын кыйнаган көйгөй
1996-жылдын август айы такыр эсимден кетпейт. Бул күндү эстегенде Кудайдан бир гана нерсени – согуш болбошун тилейм. Бул каргыш тийгир сөз таптакыр сөздүктөн өчүп, унутулуп калса экен дейм. Ушул күнү кошуна айылда адам көтөрө алгыс чоң трагедия болду. Ушул күнү бир үй-бүлө чоң жоготууга учурады. Ушул күнү бир эненин өмүрү түбөлүк кайгы-муңга, арман, өксүккө айланды. Тажикстандагы согуштун аягы тыйылбай, ачарчылык алкымдап турганда Жерге-Талдын элинин бир даары Көк-Суунун жээгинен алтын казып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүүгө өткөн эле. Читать дальше...