Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандык ошол жакка көмүлөт
Москвада өрттө каза болгон кыргызстандыктын сөөгү ошол жакта жерге берилет. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлагандай, жумуш берүүчү тарап бардык чыгымды өзү каржылап, жакындарына компенсация төлөп бермей болду. Элчиликтин маалыматына караганда, кырсык 5-апрелге караган түнү Москвада курулуш жүрүп жаткан жерде болгон. Жумушчулар жашаган чатырдын ичинде меш бузулуп, кыргызстандык жаран иске ууланган. Коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушунда 40 жаштагы кыргыз жараны каза болгонун... Читать дальше...