Кан тапшырган донорлор дээрлик он эсе азайды
Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдын чектөөлөрүнөн улам Бишкектеги Кан борборуна барып кан тапшырган донорлор кескин азайып кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» борбордун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева билдирди. Анын айтымында, мурда пландалган операциялардын көбүнүн мөөнөтү жылганы менен түрдүү кырсыкка кабылган же төрөттөн кансыраган, онкологиялык дартка чалдыккан адамдардын саны адатта 100дүн тегерегинде болуп турат. Плазманын запасы жетиштүү, бирок эритроциттерге муктаждык бар. Читать дальше...