Саакашвили абакта ыдык көргөнүн айтты
Бир айдан ашуун ачкачылык кармап жаткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили түрмөнүн күзөтчүлөрү аны кемсинтип, ур-токмокко алганын айтууда. Анын жүздөгөн тарапташтары, оппозициячыл партиялар Саакашвилинин саламаттыгынын начарлашына байланыштуу жеке ооруканага которууну талап кылып Тблисинин аянтына чыгышты. Оппозициячыл партиялардын тарапташтары жана айрым өкүлдөрү 9-ноябрга караган түндү Эркиндик аянтындагы өкмөт үйүнүн алдында өткөрүштү. Шейшембинин таңында жүздөгөн адам топтолду. Читать дальше...