Ошто тилемчиликке мажбурланган эки өспүрүм мамлекеттин карамагына алынды
Ош шаарында тамактануучу жайларда тилемчилик кылып жүргөн сегиз жана 11 жаштагы балдар мамлекеттин карамагына алынып, аларды ишке мажбурлаган апасы менен анын курбусунун үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Милициянын маалыматында өспүрүмдөрдөн энеси күнүнө 1500 сом таап келүүнү талап кылган. Балдар учурда социалдык жактан коргоо кызматына өткөрүлүп берилген. Аларды тилемчиликке мажбурлаган апасы менен анын курбусунун үстүнөн Жазык кодексинин... Читать дальше...