Кыргызстанда 40 миңдей тикмечи жетишпейт
Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4% өстү. Ошол эле учурда тигүү тармагына болжол менен 20-40 миңдей тикмечи кыз-келиндер зарыл болуп турат. Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган. Алардын 46% кыз-келиндер. Анткен менен өлкөдөгү бир топ тармактарда квалификацияланган жумушчулар жетишпей жатат. Ал арада тигүү тармагындагы өнүм коронавирус пандемиясынан кийин төмөндөдү. 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 11% түштү. Читать дальше...