Бишкекте эки мектеп онлайн окутууга өттү
Борбор калаадагы №65 орто мектептин окуучулары онлайн окутууга өткөнүн ата-энелери социалдык тармактарга жазышты. Бул маалыматты Бишкек шаардык мэриясы ырастап, буга мектептеги жылытуучу түтүктүн жарылуусу себеп болгонун билдирди. Ага ылайык, ушундай эле жүйө менен №39 мектеп да аралыктан окутууга өттү. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бул эки мектепте жылуулук түтүктөрүн оңдоо үчүн тендер жарыяланганын маалымдады. Ага ылайык, жеңүүчү аныкталып, оңдоо иштери аягына чыкканга чейин окуу онлайн жүргүзүлөт. Читать дальше...