Азамат Баатай: Катарда чектөөлөргө карабай атмосфера мыкты
Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Дүйнө биринчилиги бул жолу алгачкы ирет күз-кыш мезгилинде, Жакынкы Чыгышта, мусулман мамлекетинде уюштурулду. Ал жактагы шарттар, чектөөлөр жана футбол тууралуу Катарда учурда эмгектенип жүргөн футбол күйөрманы Азамат Баатай менен маек курдук. Ал өз сөзүн Дохадагы атмосфераны сүрөттөдөн баштады: - Катар өзү чакан, бирок бай мамлекет. Футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүүгө катуу даярданышыптыр. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан футбол күйөрмандарын тосуп алуу иш-чаралары баары жолго коюлган.