Эки депутат чек арада кабылган окуянын чоо-жайы белгисиз
Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев ишемби күнү дагы бир эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда кармалып, кайра бошотулганы белгилүү болду. Күч органдары ал жөнүндө расмий маалымат бере элек. Парламент депутаты Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы билинген. Депутат Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди Улуттук коопсуздук кызматынын (УКМК) өкүлдөру карма=п, кайра кое берген. Читать дальше...